www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын Индияга болгон тааныштыгы Искендер Зулкарнайндан башталган. Ал биздин доорго чейин эле Индияга жортуул менен баратып, кыргыз жеринин четин аралап өтүп бизден жаңгак ала кетип, “грек жаңгагы” деген ат менен тарыхка калтырган. Бабур бабабыз Индияга барып, Индиянын көп аймагын басып алып султан болгон. Союз убагында Индиянын премьер-министрлери Индира Ганди, Раджив Гандилер болушуп экөө тең мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал убакта Индия бизге чай сатып “Индийский” чайлар “ Грузинскийге” караганда таңсык болгон.
Индия бийлигинин кыргыздарга окшоштугу ал жерде чириген байлар гана бийликке жете алышат. Бийликтегилер башка официалдуу англис тилинде сүйлөшөт. Демек бийликтегилери официалдуу тилде, эли өз тилинде сүйлөшөт. Байлары хансарайларда, кооз пентхауздарды жашашат. Ал эми кумурскадай жайнаган, жакында Кытайдан аша турган 1 жарым миллиарддай калкынын көпчүлүгүнүн жумушу эмес, үйү да жок. Таштандылар менен күн көрүшүп, кыш болбогондуктан бактын түбүнө жатышып күн кечире беришет. Индияда адамдар кастага бөлүнүшүп төмөнкү касталарга айбандан да жаман мамиле жасашат, аларга караганда уйларды сыйлашып, этин жешпей, жолдо жатышса тургузбай айланып өтүшөт.
Индия ШКУга байкоочу мамлекет катары кирип, ага эс алып келүү үчүн 2016-жылы февралда экс –президент Алмазбек Атамбаев жубайы менен барган. Наре́ндра Дамодарда́с Мо́ди ал жерге премьер-министрликке дайындалып Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков чакырылган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “Nazarnews.kg”