www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин заманында жылмая күлүп, кем акыл сотторду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, сот реформасын кыдыңдата минип алып, эми болсо дымы чыкпай калган Манас Арабаев деген болгон. Канчалаган адамдарды күнөөсү жок соттоп, соттун барын сатып алган бул шум соттолгондордун убал-сообун билбей калган. 2019-жылдын 2-июнунда «Коррупция» беренеси менен колго түшкөн сот системасынын «сарый кардиналынын» телефондо чалган ар бир чалуусу 50 миң доллар болгон. Ал «кама» делген адам акыры жок жерден шылтоо менен күнөө табылып камалган, ал «бошот» деген адам бошотулган. Манас Арабаевдин учурунда сотторго айлык төлөп бюджеттен акча коротуш бекер эле, анткени бир «звоногу» 50 миң долларды чапчыган соттор күнөөсү жок адамдарга жалаа жаап акча алып көнүшкөн эле. Бүгүн да кыргыз журтчулугунда «резонанс» туудуруп жаткан Садыр Жапаровго, Карганбек Самаковго, Дүйшөн Чотоновго, Канжар Кадыралиевге жана башка «саясий туткундарга » асылууда Манас Арабаевдин чоң эмгек сиңиргени белгилүү.
«Арабаевдин сотунан корк, Малабаевдин чотунан корк» -деген таамай сөз кыргызда бекеринен чыккан эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»