www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоо, Тарых музейин жана ипподромду реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча соттолгон. Экс-премьер-министр Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына которулган эле. Исаков менен колонияда бирге болгон К.С аттуу жаран ал тууралуу төмөнкү окуяны айтып берди.
--«Эркиндик менен коштошконума 5 жыл болду. Бизде мыйзам иштебейт тура. Өмүрүмдүн 5 жылын акыйкат издеп жүрүп өткөрдүм. Таң калычтуусу Кыргызстандагы аттуу-баштуу инсандар менен түрмөдөн жолугуп, маектешип каламын деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бир күнү бийликтеги атактуулардын катарында турган Сапар Исаков бизге келип кошулду. Ал «рота» деп коёбуз, канча киши болсо ошонун баары менен эки колдоп ийилип саламдашчу. Бактысы бар экен октябрь окуясынан кийин эркиндикке чыгып кетти. Ал жөнүндө айтыла турган сөз көп. Кызыгы, Сапар түрмөдөгүлөрдү да 17 000 (он жети миң) сомго алдап кетти, анын бул кылганы туура эмес» – деди, атын атагысы келбеген экс-чиновник.
Эске сала кетсек, Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 15 жылга, ошондой эле реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган эле.
Бүгүн, 25-февралда Исаков кыргыз элине жана президентке «ачык айкын сот процесстерин өткөрүп берүүңүздү суранам жана талап кылам» - деп, «буйрук» менен Кайрылуу жасаган.
Булак: NazarNews.kg