www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы А.Жаныбеков орто мектебинин социалдык педагогу, жергиликтүү кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов майрам күндөрү мугалимдердин маянасы кыскартылганын айтып, алар Билим берүү жана илим министрлигин сотко беришээрин билдирген. 

Ал эми, бүгүн, 18-январда "Майрам күндөрү мугалимдердин айлыгы кыскартылды” деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2020-жылдын 1-13-январь күндөрү жалпы билим берүүчү уюмдарга каникул болгондуктан, мугалимдердин эмгек акылары сакталат, алар туура эмес маалымат деген.

“Биринчиден, өкмөттүн 2011-жылдын 31-майындагы №270 токтому менен бекитилген «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө» нускаманын 5-пунктуна ылайык, каникул учурунда мугалимдердин эмгек акысы сакталат. 2020-жылдын 1-13-январь күндөрү жалпы билим берүүчү уюмдарга каникул болгондуктан, мугалимдердин эмгек акылары сакталат. Экинчиден, 2020-жылдын январь айы үчүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча эсептөөлөр баштала элек. Жогоруда айтылган нускама боюнча билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары алардын сааттык ставкасынын өлчөмүн бир айлык иш жүзүндөгү жүгүнө (фактические) көбөйтүү менен аныкталат. Дем алыш күндөй эле майрам күндөрүнө акы төлөнбөйт. Бирок жүгүртмө боюнча майрам күндөрүнө туш келип калып өтүлбөй калган сааттар мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген кошумча жүгүртмө боюнча жакынкы күндөргө коюлуп, милдеттүү түрдө өтүлүүгө тийиш. Жүгүртмө боюнча майрам күндөрүнө туш келип өтүлбөй калып, кошумча жүгүртмө боюнча өтүлгөн сааттардын акысы ошол эле өтүлгөн айда төлөнүп берилет», – деп жазылат Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости