www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы эки жаштагы кыздын өлүмү тууралуу тергөө иши аяктап, сотко берилди. Бул тууралуу аталган региондун ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча кыздын чоң энесине күнөө кюлган. Анын жашы жете элек баласы болгондуктан, үй камагына чыгарылган. Туугандары жана  ал өзү  кыз сабалганын четке кагып жатышат.

Экспертиза кыз алган жаракатынан улам каза болгон деген жыйынтык чыгарган.

Эске салсак, 2019-жылдын май айында Жалал-Абад ооруканасына Сузактан бир нече жаракаты менен эки жаштагы кыз түшкөн. Кыздын туугандары ал тепкичтен кулап кеткенин айтышкан. Ооруканга түшкөндөн бир нече күн өткөндөн кийин кыз өзүнө келбей каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости