www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы республика боюнча 1 миллион тоннадан ашык жашылчы чогултулган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 3,5 пйызга көп экенин Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистикага таянсак, помидор 240 миң тоннадан ашты, бул мурдагы жылдагыдан 7,1 пайызга көп дегенди түшүндүрөт. Сабиз 3,2 пайызга (182 миң тонна), бадыраң 8,7 пайызга (130 миң тонна), сарымсак 25 пайызга (124 миң тонна) көбөйдү.

Дыйкандар былтыр капуста менен пияздан дагы мол түшүм алды. Тагыраагы, өлкөдө жалпысынан 134 миң тонна капуста чогултулду. Бул 2018-жылдагыдан 9,1 пайызга көп. Пияз ага жетпесе дагы 4 пайыздан (200 миң тонна) жогорураак болду.

Мындан тышкары, калемпир, чамгыр, баклажан сыяктуу жашылчалар дагы мурдагыдан көп жыйналды.



Булак: NazarNews.kg

Последние новости