www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө калкын ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов айтып өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Буга байланыштуу учурда аймактардагы 653 айылдын таза суу маселесин чечүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.  Суунун жетишсиздиги айлана чөйрөгө, адамдарга өзүнүн кедергисин тийгизип, ошондой эле ичүүчү таза сууга болгон муктаждыкты жаратып жатат. Бул аталган маселени ыкчам чечүү керектигин айтып турат. Ушул максактта республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле донорлор аркылуу инвестицияларды тартуу боюнча тийиштүү жумуштар аткарылууда. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын» аткаруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди», - деп белгиледи ал. 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей аткарууну тапшырды.

Мындан тышкары тийиштүү органдарга Улуттук илимдер академиясы, Улуттук стратегиялык изилдөө институту жана коомдук уюмдар менен биргеликте суу ресурстарын сактоо жана пайдалануу боюнча стратегия иштеп чыгуу сунушталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости