www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкадагы Түндүк Каролина штатында жайгашкан Кантон шаарында ачык жашыл түстөгү күчүк туулуп, дүйнө назарынп түштү.

Анын видеосу YouTube каналына жарыяланган.

Күчүктөрдүн ээсинин айтымына караганда, жети күчүк кадимкидей эле ак жана кара түстө туулган. Ал эми бирөө элди таңгалдырган дал ушундай өзгөчө өңдө жарыкка келген. Күчүктөрдүн энеси Жипси аттуу немец овчаркасы.

Ээси мындай көрүнүштөн улам тынчсызданып, ветеринарга кайрылган. Адис өттөгү суюктуктун көптүгүнөн улам түйүлдүк кезинде эле терисинде жашыл түс арбыныраак боло баштагандыгын түшүндүрүрүп берген. Ал сейрек кездешкен мындай өң акырындап өчүп отуруп, тери кадимки эле күчүктөрдүкүндөй болуп каларын кошумчалап өткөн.

Өзгөчө түстөгү күчүккө Халк деген ысым беришкен.

"Кээде биз аны Жашыл мырза деп атайбыз", — дейт кожойкесси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости