www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү тармагынын айрым өкүлдөрү “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырышууда. Президентке, Жогорку Кеңешке жана Министрлер кабинетине жасалган кайрылууга 60тан ашык билим берүү мекемелери жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү кол койгон.
27-декабрда билим берүү тармагынын, көз карандысыз эксперттердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда жаңы мыйзам долбоорун талкуулаган жыйын өткөн.
Анын катышуучулары сунушталган мыйзам долбоору өлкө жетекчилиги жарыялаган реформаларды ишке ашырууга тоскоолдук кыларын, кеңири талкууланбаганын белгилешкен.
Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги жаңы мыйзам долбоору аркылуу окуу адабияттарды басып чыгарууну, окуу мөөнөттөрүн белгилөөнү, квалификацияны жогорулатуу жана башка маселелерди жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө аракет кылып жатканын айтышкан.
Министрлик мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, түшкөн сунуштар жана кеңештер каралып чыкканын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы жыйындагы ой-пикирлер да эске алынарын маалымдады.
Булак: NazarNews.kg