www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Көпчүлүк мыкты таланттардын тагдыры аянычтуу. Дүйнөлүк киноклассик Альфред Хичкок “Мен-жалгыздыктын деңизимин!” деп бекеринен атабаган чыгар. Сейдакматовдун тагдырын дагы мына ошондогу деңиздин жалгыздыгына сүңгүп кете бергендей. Мен эми бир кездеги Бекин эмесмин, эч кимге кереги жок экенимди бир билем. Тагдырымдын тайкылыгына адам бир гана өзү күнөөлүү. Кечиргиле, эгер кечире алсаңар! деп жаңырык салып тургандай.

Кыргыз искусствосу жашап турганда, Бекин Сейдакматовдун ысымы да жашай бермекчи

- Замир ага, жакын досу катары айтсаңыз, Бекин Сейдакматов өз кесибинин профессионалы болгону менен тагдыр жолунда көөдөнүнүн жанчкан бир көйгөйү бардай өңдөнөт...

- 1971-жылдын октябрь айлары... Ира аттуу классташымдын бөлмөсүндө туулган күнүмдү өткөрүп жатып Бекин менен таанышып калгам. Көрсө Ира экөө курсташ экен. Тагдыр экен, Бекиндин бөлмөсүндө мен дагы шартка байланыштуу 2-3 айдай жашап калдым. Ошентип жылдызыбыз келишип, көз карашыбыз бир болуп жакын достордон болуп кеттик. Бир жолу бөлмөсүнө барсам Бекин жок. Атасы каза болуп айылына кеткен экен. Анан келгенде ашканага барып көңүл айттым. Бекин атасы каза болгондон кийин, тагдырдан сыноосунан сынып, өзүн мокотуп алды. Атасына өтө жакын болгондуктанбы, анын дүйнөдөн кайтышы ага катуу сокку болду. Баягы шайыр мүнөз, жашоосунда куудул Бекин кем сөз, бир башкача адамга айланды да калды.

- СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасында үн коштогон Бекин Сейдакматов экен эле...

- Анын тарыхы да кызык. Кожожаштын үн коштогонуна бир топ профессионал актёрлорго кастинг өтүп, бир дагы актёр Төлөмүш аганын купулуна толбой анан мен Бекин досумду  сунуш этсем, дароо эле ал: “Замир, койчу ал комедиялык актёр да” деди. Кайра мен ага болбой эле  бир байкап көрүп өкүнбөөсүн түшүндүрдүм... Ошентип Бекин Кожожаштын үнүн коштоп калышына себепчи болгом. Себеби Кожожаштын ролуна мурунтан эле Бекинди ылайык көрүп, кийин өзүмдүн тасмамда дагы аткарган болчу.  “Нөшөр” тасмада дагы роль аткарган, Бекиндин адамды тартып алчу бир касиети бар эле.

- "Чеховдук чеберчиликте" жашоосунан тайган адамдарга караганда каармандарды сүйүү оңой деген курч сөздөрү бар экен. Бекин Сейдакматовдун өз тагдыры тайкы болуп калганы эмнеден деп ойлойсуз?

- Бекинди “Шайтандын мөөрү” тасмасын тартайын дегенимде ошол кезде ал ичип калган маалы эле. Бекин соо кезинде экөөбүз тасманы көрүп олтурабыз, мен улам-улам анын реакциясын карап олтуруш мага кызык болду. Кандай тартылыптыр деп сурасам, начар деп койду. Достун оюу мага кымбат, ыракмат ачык-айкын айтканыңа, бирок кантсе дагы эмнеден начар экени тууралуу оюңду билгим келди десем, мен жокмун ошого десе каткырып жибердим. Ошондо чыныгы дос экенине дагы бир жолу ынандым. Бекин баягы “Он үчүнчү небере” тасмасындагы өз каарманындай өтө ак көңүл эле. Эч бир адамга “жок” дешти билбеген бир керемет адам болчу. Акыр аягы анын ак көңүлдүгү, жумшак мүнөздүгү өзүнө-өзү душман болду. Анын артынан канчалаган күйөрман кыз-келиндер чуркачу. Кары-жашы, аял-эркеги дебей Бекинди өтө “сыйлап” арак куйуп берген күйөрмандары эле жок кылышты. Мына ошол  ашыкча фанаттарынын курмандыгы болду. Бир жолу Бекин ооруканада жатып калат, ал-акыбалын сураганы бардым. Ошол ичкиликке берилип кеткен жылдары эки жолу өз өмүрүнө кол салган экен. Жан берген дагы, алган дагы Кудай эмеспи. Ажалы жок экен, бактыга жараша аман калыптыр. Бирок андан көп өтпөй досумдан айрылып калдым...

- Балким иштетип күчүн алгандар, наам бербей койгону дагы катаал тагдырына кедергисин тийгизгендир...

- Жок. Ал эч качан башкаларчылап алдым-жуттумду билбеген бир бөтөнчө адам экенин мына ошол наам, материалдык байлык туурасында ойлонуп капаланчу дагы эмес. Чыныгы элдик талант эле... Азыр ойлосом, кыргыздын ич күйдүлүгү, көрө албастыгы качан бүтөт?! Биз бир келген мыкты талантты баалап-барктап албаппыз. Андан жакшы сөзүбүздү аяппыз. Тарыхта бир келчү талант эле, Бекин Сейдакматов деген ысым кайра жаралбайт. Эми Бекиндин ысымын өз убагында бааланбаган кайран талант деп гана эстей алабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости