www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы жылдан кийин парламент омбудсменди шайлоо вазийпасын аткарат. Орун бирөө, талапкерлер арбын чыкса керек. Бирок, биздин баамыбызда, бул кызматка генерал Өмүрбек Суваналиев эң татыктуу экенин алдыртан белгилеп коёлу.
Себеби, каарманыбыз өмүр бою күч органдарында иштеп, такшалып, мамлекеттик башкаруу тажрыйбасына ээ экенин билебиз. Адам укугун сактоо, тартынбай өз пикирин айтуу жагынан алдына ат салдырбайт. Карапайым калкка жакын.
Анан калса, Суваналиев зиректиги, чынчылдыгы, дайыма өзүн таза сактап келгени менен көпчүлүк аткаминерлерден айырмаланып турат. Дасыккан саясатчы. Иштин көзүн, маселенин маңызын тереңден билет.
Дал ушундай сейрек кадр гана омбудсмен болсо, карапайым калкыбызга жарыгы тийип, алдыга жылууга жол ачылат эле. Эмесе, генералыбызды кийинки айда акыл-эстүү депутаттардын колдоп алышына ишене туралы.
Булак: Азия News гезити