Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1 жана Жалал-Абад облусунда 1 медиктен коронавирус аныкталган. Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгып, үй карантининдеги 8 медициналык кызматкер сакайган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3038 учур катталды, алардын ичинен 2352 медкызматкер айыкты.

Булак: NazarNews.kg