www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир убакта эки аялды сүйүп калып, азап тартып жүрөм...

Көп убакыт өттү арадан, а мен дагы деле сага болгон сүйүүмдү ошол бойдон сактап келем. Сен да турмушка чыгып, бала-чакалуу болдуң. Убакыт келип, мен дагы жүрөгүмдөн орун алган кызга үйлөндүм, бир кызым бар.

Бактылуу өмүр сүрүп жатабыз, аялымды да жанымдай көрөм. Буйруса экинчи балалуу болобуз жакында. Бирок, мен сени көргүм келет, сенин жүрөгүңдөгү козголбостон жаткан сезимиңди ойготкум келбейт. Уктап жашай беришин каалайм, ошол эле учурда сени бир көрүүгө зармын...

Ойлорум башында эки жолдо бараткан, буйруса жакшы оюмду жыйып, бир жолго салдым, ал жол сени сүйүү, сагынам, ошол эле учурда сага билгизбеймин. Аялымды дагы жакшы көрөм (сенчелик эмес), ошон үчүн мен да анын күңүлүн ооруткум келбейт...

Эгерде Элиза алтыным, сен кандайдыр бир себептер менен ушул жазганымды окуп калсаң, мен сага эки дүйнө бактылуулук каалайм!

Бир убакта эки аялды сүйүп, азап тартып жүргөн чагым... Бойдок болгонуңду кыялданам...

Асылбай Акунов, Бишкек шаары 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости