www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен NazarNews.kg маалымат агенттиги чыгармачылыгы жана акыркы жаңылыктары тууралуу маек курду.

-Саламатсызбы, алгач чыгармачылыгыңыз тууралуу айтып өтсөңүз.

-Саламатсызбы, быйыл 2020-жылдагы мен үчүн үзүрлүү, эмгектүү жыл болуп башталды. Чү, дегенде эле 1-2 – январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Майрамбек Осмоновдун Бишкектеги Филармонияда концертине катыштым. 2 күн концертте аншлаг болуп, аябай жогорку деңгээлде өттү. Ал эми, 2-январда түнү менен Москвага учуп кетип, мекендештердин суроосу боюнча Кремлде жеке концертти эс алуу кунү эмес иш күнү болуп калгандыктан, көптөрү “келе албай калдык, дагы койбосузбу” деп суранышканынан улам, 3-январдан 7-январга чейин концерт койгонбуз. Кыргыз элинини ырларына куса болуп жүргөн мекендештерге аз да болсо суу септим десем жаңылышпайм. “Кыргызстанга барып келгендей болуп келдик” деп ыраазычылыктарын да айтып жатышты. Айрыкча “Сиз Кыргыздын гиминин ырын ырдаганда көзүбүздөн жаш алдык” деген күйөөрмандардын жагымдуу сөздөрун уга алдым.

-Кремлде концерт бергенде бир нече тилде ырдап чыккансыз, дагы башка тилдерде ырдоонун үстүндө иштеп жатам дедиңиз эле, жылыштар барбы?

-Учурда изденүүнүн үстүндөмүн. Дагы да башка тилдерде ырдап чыгам.

-Ошол концертте башка тилдерде ырдап чыкканыңызда кээ бирөөнө жакпай, ордунан туруп кетти деген маалыматтар тараган, буга кандай комментарий комментарий аласыз?

-Мен эч качан бирөөнүн оюуна  ээрчиген эмесмин.  Концертимде адамдар аябай көп болгон. Мындай көрүнуштү көргөн эмесмин. Мындай пикирлерди колдобойм.  Бул мен үчүн чек эмес ийгиликтеримдин башталышы.

-Госдумадан алган сыйлыгыңыз тууралуу кеп кылсаңыз

-Учурда абдан толкунданып жатам. Анткени кече, 23-январда  Орусия Федерациясынын улуу державасынын госдумасында сыйлыкка ээ болдум. Ушул элдердин достугуна салым кошконум үчүн, Кремлде концерт бергеним үчүн ыраазычылык баракчасын алдым, Кыргыз музыкасын башка мамлекеттерге жайылтканым үчүн ушундай сыйлыкка татыдым.

Концертиме эки госдуманын депутаты келген болчу. Бирок, аларга сөз берилген эмес. Ошондо алар концертти көрүп, ошондон улам алар госдумаган чакырып, комитет мучөлөрү да келип, мамлекеттик денгээлде ыраазычылык баракчасын тапшырышты. Бул мен үчүн сыймык болду.  Эки элдин достугу үчүн бир чыгармачыл адам үчүн адамга жогорку баа бергени деп билем.  Улуу державасынын госдуманынын депутатынын сыйлыгын алуу мен учун сыймык.  Сыйлык мен үчүн стимул.

-Акыркы убакта аял күйөсү тарабынан сабалып, алардын колунан көз жумгандар көбөйүүдө. Аял, эне катары бул көйгөй тууралуу өзүңүздүн көз карашыңызды айтып берсеңиз

-Мындай көрүнүштөрдөн жүрөгүм ооруйт. Бул билимсиздиктен деп эсептейм. Адам издениш керек, билим алыш керек. Чет өлкөгө чыгыш керек дебейм, Кыргызстандан жакшы билим алса болот. Дүйнө элине баардыгына ыйман берсин.Ар бир аялзаты мамлекет тарабынан корголушу керек. Ар бир аял заты бактылуу болушун каалайм.

-Социалдык тармактарда депутаттыкка аттанат деген маалыматтар тарап жатат. Бул маалымат чынбы?

-Жок андай маалымат жок. Андай кабарды кайсыл жактан чыкканын билбейм. Азыркы менин максатым чыгармачылык менен кызуу иштеп дагы да көптөгөн мамлекеттерге концерт берүү. Анан келечекте кандай болот аны бир гана жараткан көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости