www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Кара-Балта автожолунун бүткөрүлүшү кечеңдеп жатканы көптөн бери эле айтылып келүүдө. Ушул тапта жол куруучулар күнү-түнү иштеп жатканы менен жылыштар дале байкалбаган сыяктуу. Ош-Жалалбад-Баткен-Талас тарапка каттаган жүргүнчүлөр жол жасоодогу аракеттерге нааразы болул жатышканы айтылууда.

Жолдордо тыгындар көбөйүп, чаң баскан жолдо жүрүүгө мүмкүн эмес. Убакыт узарып, жолдун курулуп баштаганына 3 жылга чамалап баратат. Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде жол келээрки жылы аяктаарын айтат.

Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо иштери эки айга кечигүүдө. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы 45 чакырым жолдун 35 чакырымын бүткөрүү пландалууда. Жолдун ар бир чакырымы үчүн 1 млн, 600 миң сом акча кетүүдө, - дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости