www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27.7.2018. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Орусиялык БИС компаниясы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен байланышы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Ишкананын расмий өкүлү Юрий Катютин 20-августта «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып бул тууралуу интернетте тараган кабарды фейк деп атады:

- Бул фейк маалымат. Сынакка катышканда бүт документтерди көрсөткөнбүз. Ал жерде бардык акционерлердин тизмеси да келтирилет.

БИС компаниясы Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд сомго бааланган тендерге катышып жаткан үч ишкананын бири. Сынактын жыйынтыгы 23-августта белгилүү болот.

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видео байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Кийин ал Данияр Урицкий деген ат менен Беларуста бизнес жүргүзөрү кабарланган.

20-августта социалдык түйүндөрдө БИС компаниясы Данияр Үсөновго таандык деген маалымат тарады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости