www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 17-августунда Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг Улуттук коругунун аймагында каада-салтты сактоо максатында ѳткѳрүлгѳн “Бабалар күнү” аттуу эл аралык маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов катышты. Иш-чарада Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Уйгур), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Ѳзбекстандын, Оруссиянын (Башкирия жана Татарстан), Турциянын жана Түркмѳнстандын делегаттары да болду.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бабалар күнү” – бул театралдашкан шоу-программа, улуттук музыка, археологиялык-антропологиялык кѳргѳзмѳлѳр, кол ѳнѳрчүлѳрдүн жарманкеси уюштурулган иш-чара. Азем этнофестиваль форматында ѳттү, анда кѳчмѳндѳрдүн айылын камтыган 50 боз үй тигилип, 200 миңден ашуун туристтер келди.

Кыргыз Республикасынын маданиятын даңазалоо жана туристтик мүмкүнчүлүктѳрүн жайылтуу максатында Австриядагы кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү тарабынан кыргыздын боз үйү тигилип, анын ичинде улуттук кол ѳнѳрчүлүктүн стенддери, кийизден жасалган түрдүү буюмдар, ошондой эле Кыргызстан жѳнүндѳгү иллюстрацияланган стенд, туристтик ыңгайлуулук жана Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары тууралуу маалыматтык материалдар кѳргѳзүлдү.

“Бабалар күнү” иш-чарасынын жүрүшүндѳ Элчи Бакыт Джусупов аталган иш-чаранын уюштуруучулары менен жана венгриялык Карпат бассейнинен келген делегаттардын ѳкүлү Андреш Жолта Биро менен жолугушуп, 2020-жылы «Курултай» аземине Кыргызстандын катышуусу тууралуу сүйлѳшүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости