www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.
Өкүм жарыялангандан кийин Салянова "Үч ай биз кимге сүйлөп жатканбызыды да билбей калдым. Үч айдан ашык цирк кимге керек болгон? Адвокаттардын эмгеги кайда кетти?" деди.
Салянова "юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган" деп соттолууда. Ал өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт.
Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.
Булак: NazarNews.kg