www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин «гүлдөгөн» Бишкек шаарыбызда бирден-бир, жападан жалгыз бир «ыйык» жайыбыз бар. Ал кайсы дебейсиңерби? Ал Абай көчөсүндө жайгашкан «Карылар үйү». Эми ал жактын ичине кирсең жакшы, карылар үчүн баардык шарты бардай. Ичи таптаза. Залда чоң телевизор, жууна турган жай, дааратканасы, эс алуучу жайлары, биллиард, шахмат, мончо дегендей.

Эми көп эле мактай бербейин. Ал ажайып жерге аргасыздан барасың. Ошол жердин түйшүгүн көтөргөн ички кызматкерлерине чоң  рахмат!

Ошол жердин сыртындагы кичине бакчаны карыяларга ыраа көрбөгөндөр да бар экен! Алар кимдер дебейсиңерби! Кадимки эле биздин шаардык мэрия!Үйдү айланта тоскон тосмо, ичи күн тийгизбеген бак эле да. Ошол жерде буту баскандар эртели кеч таза аба жутуп дем алып турчу...Ошол жерге көз арткан бирөө бакчанын түштүк жактагы коргонун бузуп  үй салдырып жатыптыр. Дал ошол жерден бакчаны суугара турган арык өтчү экен. Бүгүн бак дарактар жалбырактары саргайып куурап баратат. Карыялардын сөзүн каакыча көрбөгөн акмак экен. Карылардын ичинен деле жогору жактарга чейин жетип коңгуроо какчулар чыкмак . Бирок андайларды башка жакка котортуп кутулуш заматта эле. Таластык Абдрасулов Эсенбек аксакал ушул бакчаларга баш көз болуп, суугарып өзү тейлеп эле жүргөн. Башка чарбалык иштерге да демилге көтөрө коюп карыларды аралаштырчу. Бүгүн андай иштерге аралашкандан коркуп калышкан. Анткени Эсенбек аксакалды Серафимовкадагы карылар үйүнө «айдап» жиберишкен.

Кудайдын кулагынан куюлуп түшсө да шаардык бийликтен уруксат кагазын алып, карылар үйүнүн жетекчилигинин маакулдугу менен там сала баштагандыр да алиги карыларды тоготпогон эме? Эмнеси болсо да бул жерде көмүлгөн «иттин өлүгү» бар. Багар көрөрү жоктор баш калка кылган үйдүн кожоюну жокпу? Карыялар көргөн куурап бараткан бак даракты анын көзү көрбөйбү? Союз убагында сом темирден сонун жасалган тосмону талкалап жатканын кулагы укпай калыптырбы? Карылар там салып жатканды каргашканы менен деректиринс эч нерсе дей алышпайт. Анткени баары анын колундагы бечаралар. Деректир «көзүн сүзбөсө, мэрия деле жипти үзө албайт эле да. Айта берсе сөз көп. Карылар үйүно кол салган факт турат. Коргон бузулуп , ичине там салынып жатат. Ким териштирет? Коррупционерлерди издеген ажообуз Сооронбай Жээнбековго арыз жазган менен жетпейт. Жеткиришпейт. Мэрия өзү руксат кагазын берсе ал кайра карамак беле! Башка органдар арызыңды кабыл алганы менен акырына чыкпайт. Коомчулук деле кош көңүл.

Урматтуу жаңы мэр Азиз Суракматов, Сиз ишти баштаганда эле “Фучик” паркынан баштап, бак-дарактардын баркын билген адам катары көпчүлүктүн көңүлүн бургансыз. Бул ишти чечсе бир Сиз чечет деген ишеним бар. Карылар үйүнө кол салууга руксат кагазды берген кызматкерлер Сизди да алдап коюшу мүмкүн, ушул кагаз жетпей калабы деп өз колуңузга тапшырууну туура көрдүм.                                                                      

Кайрылуу жазган ардагер мугалим, коммунист Жеңишбек Жумалиев.

Ак-Өргө конушу, Ак шоокум көчөсү 1-үй,

Байланшы телефон: 0703 742111.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости