www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрель күнү болжол менен күндүзгү саат 14:00 чамасында Бишкек-Токмок-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган.

Жерине Ысык-Ата райондук №27 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1952-жылы туулган К.Т. аттуу аялды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жабыркаган жарандардын абалдары орто.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости