www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 19 жаштагы кыз дайынсыз болууда

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 2007-жылы туулган Бакназарова Перизат Курсанбековнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранат.

Алдын ала маалыматка ылайык, 2026-жылдын 8-сентябрында саат болжол менен 18:35те Перизат үйүнөн чыгып, апасына кино көрүүгө бара турганын айткан. Үйдөн чыккандан кийин телефон чалууларга жооп бербей калган.

Байкоочу камералардын жазууларына ылайык, кыз жөө басып, Гоголь көчөсү, 23 дарегиндеги «Эконом» дүкөнүнүн жанынан өткөн. Андан кийинки учурда анын жүргөн жери белгисиз.

Өзгөчө белгилери:

  • бою — 165–166 сантиметр;
  • дене түзүлүшү — арык.

Жоголгон учурда кийген кийими:

  • ак түстөгү футболка;
  • кызгылт түстөгү жилет;
  • көк түстөгү джинсы шым;
  • ак түстөгү кроссовка;
  • жанында кичинекей ак түстөгү сумкасы болгон.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Милиция Перизат Бакназарова Курсанбековнанын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар же анын кыймылын көргөн жарандардан ички иштер органдарына кабарлап коюуну өтүнөт.

Маалыматтарды төмөнкү телефон номерлер аркылуу берүүгө болот:

0312 56 32 48
050 175 78 09
0 224 214 346
же 102.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматы жарандарды кайдыгер болбоого жана издөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырат.

Последние новости