www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 2-ноябрь күнү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Жаңы ысымдар” аталышында гала-концерт  өтөт.

Майрамдын алкагында, Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө зор салым кошкон Кыргыз эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар  жаңырат.

Ошондой эле, филармониянын фойесинде жаңы чыгып келе жаткан жаш сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, жаш кол өнөрчүлөрдүн, жаш акын-жазуучулардын көргөзмөсү орун алып, жалпы маданият тармагы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, иш чаранын алкагында жаш актер-актрисалардын катышуусу менен театрлаштырылган пролог коюлат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы  жалпы кызматкерлердин саны 11 508 адамды түзөт.  Алар, филармония, цирк, консерватория,  китепканалар, музейлер, театрлар, музыкалык окуу жайлар, облустук телерадиокомпаниялар, облустук жана райондук гезит редакциялары,  кинодирекциялар жана башка мекемелер болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости