www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык Бишкектеги арак-шарап заводу боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан териштирилмек болду. Башкы прокуратура заводдун мыйзамсыз менчиктештирилиши тууралуу 2012-жылы козголгон кылмыш ишин токтотуп койгон УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 2014-жылкы токтомун жокко чыгарды.

Эми иш кайрадан атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынат. Иш жанданса Чыныбай Турсунбековго кылмыш иши козголуп, сыйыртмак салынышы мүмкүн. Убагында 183,4 миллион сомго бааланган борбордун чок ортосундагы 2 гектар жерди ээлеген завод 66,5 миллион ит бекер сатылып, мамлекетке ири суммада оңбогондой зыян келген.

Тилекке каршы, кылмыш иши козголгону менен токтоп калган болчу. Ошол жылдары «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп барган Камчыбек Ташиев да кызматташы Чыныбай Турсунбековду «Заводду шектүү жол менен сатып алган» — деп ачык эле айткан, -деп "Фабула" гезити жарыялады

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости