www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери кызды сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышууда.

Окуяны Facebook баракчасына кабарлаган Нурайым Айткулованын айтымында, 18-июнда КМТУнун алдындагы кжол өтмөгүндө (пешеход) АКШ элчилигинде иштеген айым,  4-курстун студентин сүзүп кеткен.

“Ал токтоп да койгон жок, аны жол кырсыгынын күбөсү артынан жетип барганда, транзиттик унаа менен жүргөндө, анын кол тийбестиги бар экенин айтып, унаадан чыгуудан баш тарткан. Арадан 6-7 мүнөт өткөндө АКШнын аскер кийимчен адамдары пайда болуп, “дамочканы” коргоп киришкен. Жол кырсыгынан мээси чайкалып жана башка да жараты менен студентти ооруканага алып кетишти. Кол тийбестигинин айынан ага эч кандай чара көрүлгөн жок. Жол кырсыгынан кийин, бир да адам жабырлануучунун абалына кызыгып да койгон жок. Аны чымынча көрүшкөн жок”, -деп жазат Нурайым Айткулова.

Ал аталган жол кысыгынын күбөлөрүн окуя боюнча үн чыгарып коюуга чакырды.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости