www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте беш автоунаа кагышты

Кечээ, 26-январда, 5:30да Жибек-Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде Toyota Estima, Toyota Camry, Honda Accord, Honda CR-V жана Honda Fit унаалары кагышкан. Бирок буга чейин төрт автонун кагышы тууралуу маалыматтар айтылып келген.

Маалыматына караганда, Estima автокөлүгүнүн айдоочусунун жүрөгү кармап, жол чыракта токтоп турган машинаны сүзгөн. Ал алдында турган кийинки автоунааларга урунган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришкен.

Ал эми үч айдоочу жана бир жүргүнчү Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Алардын ичинде Estima автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү бар. 

Булак: NazarNews.kg

 



 

Последние новости