www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте баңгизат жасап жаткан лаборатория табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, 273-берене ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") боюнча ачылган соттук өндүрүштүн алкагында 21-январь күнү атайын тергөө иштерин жүргүзүшкөн.

"Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы жана Криминалдык милициянын кызматкерлери Алтымышов көчөсүндөгү жеке менчик үйлөрдүн биринде кара куурай жана галлюциногендик козу карынды өстүрүп жаткан лабораторияны аныктады.

Бардык каражаттар жана өсүмүктөр алынды. Баңгизат каражаттарынын жалпы салмагы 438,07 килограммды түздү", — деп айтылат маалыматта.


Булак:NazarNews.kg

Последние новости