www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олимпиада оюндарынын катышуучусу жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери Мурат Рамонов Бишкекте кармалды. Ал агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнүн адвокат Шердор Абдыкапаров социалдык тармактарда билдирди. Бул маалыматты Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде саат 16:15 чамасында патрулдук кызматкерлер Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу өздүгүн тастыктоочу документин көрсөтүүдөн баш тартып, андан кийин качып кеткен.

Кайгуул кызматкерлери ал кишини жакын жердеги көп кабаттуу үйдүн короосунан кууп жетип, ал имаратка кирип, дарбазаны жабууга аракет кылган. Уруш чыгып, айдоочу кызматкерлерди сөгүп, баш ийбей койгон.

Мурат Рамоновду наркологияга жеткиришкен жана текшерүүдө анын баңгизат колдонгону аныкталган. 

Ага карата майда бейбаштык беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3 күнгө камалды.

Ошондой эле, баңги каражаттарын, психотроптук зат жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо боюнча кылмыш иши козголду. Үйүн тинтүү учурунда күрөң-жашыл түстөгү зат бар ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат гашиш экени аныкталган. 

Белгилей кетсек, Рамонов буга чейин 2023-жылдын 30-октябрында УКМК кызматкерлери кармашкан. Ал Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен алынган активдерин адалдоо максатында өз атына каттатып, андан соң айрым саясатчыларга өткөрүп берген деп шектелген.

2024-жылдын 10-январында үй камакка чыккан, ал эми 2024-жылдын 2-августунда кылмыш иши жабылган.

Анын ысымы 2026-жылы кайрадан тараган. 14-февралда социалдык тармакта спортчу, ишкер, УКМК кызматкерлери, майда чиновник, милиция кызматкерлери жана башка адамдардын сүрөттөрү бар видео тараган. Видеонун авторлору аларды мурдагы УКМК кызматкери Элдар Жакыпбековдун 40 чоросу деп аташкан. Алардын арасында Рамонов да болгон, ага видеодо «Пахта» деген лакап ат берилген.

Последние новости