www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкекте майыптардын маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш-чаранын демилгечиси, активист Аскар Турдугулов билдирди.
Жыйындын темасы – “Коомдук жайларда инклюзивдикти камсыз кылуу”.
Турдугуловдун айтымында, майып адамдар үчүн пандустар орнотула баштаганы менен алардын көбү ыңгайсыз болууда жана стандарттарга жооп бербейт.
Бүгүнкү талкууну өткөрүүгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси жардам берүүдө. Ага шаар башкармалыгынын, архитектура жана курулуш мекемесинин, “Тазалык” ишканасынын өкүлдөрү жана майып активисттер чакырылган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын отуз миңге жакыны 18ге чыга элек.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин айтымында, республикада 2008-жылы кабыл алынган “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзам дээрлик иштебейт.
Кыргыз өкмөтү бул социалдык катмардын маселелерин чечүү боюнча акыркы айларда чечкиндүү аракеттер жүргөнүн айтууда. Ушу тапта Бириккен Улуттар Уюмунун Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого алуу боюнча эл аралык конвенция парламенттин кароосунда турат. - деп билдирди Азаттык.
Булак: NazarNews.kg