www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында жайгашкан «Дельфин» бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту билдирди.
Текшерүүнүн негизги максаты — имараттын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана реконструкция иштерине байланыштуу керектүү баалоону жүргүзүү.
Адистер объекттин техникалык документтерин изилдеп, тиешелүү чиймелерди даярдашты.
Ошондой эле имараттын курулуш конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалат.
Мындан тышкары, имаратты мындан ары пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыгат.