www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эркектердин жолукканда бири-бирин кучактап учурашуусун сынга алып, мындай көрүнүш өлкөнүн салт-санаасына туура келбей турганын билдирди.
Токаев мындай учурашуу жаштар арасында кеңири жайылып жатканын белгилеп, казакстандыктарды «ата-бабалардын салтына кайтууга» чакырды.
Анын айтымында, мындай көрүнүш аскер кызматкерлеринин арасында да кездеше баштаган.
«Мындай нерсе биздин салтта эч качан болгон эмес. Айрыкча аскер формасын кийгендер арасында. Генералдар бири-бири менен кучакташып учураша баштады. Бул эмне деген көрүнүш?» — деди Токаев.
Казакстандын президенти мындай учурашууну Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Советтер Союзунун маршалдарынын жүрүм-турумунан элестетүү мүмкүн эместигин айтты.
Токаев эркектердин учурашуусунун альтернативдүү формасы катары оң колду жүрөккө коюуну сунуштады.
Ошондой эле ал аскер кызматкерлери үчүн тиешелүү жүрүм-турум эрежелерин иштеп чыгууну сунуштады.