www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы, Түркия Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан Кыргыз элине жардам катары курулган. Оорукана заманбап, жогорку технологиядагы медициналык жабдыктар менен жабдылып, жүрѳк, кан-тамыр оорулары, кѳкүрѳк кѳңдѳйү хирургиясы жана жалпы хирургиялык ооруулар, ашказан жана ичеги-карын оорулары, эндоскопиялык бѳлүм, дартты аныктоо жана заманбап лаборатория бѳлүмдѳрү курулган.

Бул медициналык мекеменин жетекчилери эки ѳлкѳнүн Саламаттыкты сактоо министрликтери тарабынан кеңешип дайындалат. Ал эми ооруканада кызмат ѳтѳѳчү кызматкерлер конкурстук негизде Кыргызстан жана Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрликтери тарабынан түзүлгѳн атайын комиссия тарабынан тандалат. Техникалык кызмат көрсөткөндөр, лаборатория, тазалык, тамак-аш бѳлүмү, чарбалык бѳлүм жана башка кошумча бѳлүмдѳрдүн  кызматкерлери оорукананын жетекчилиги тарабынан жумушка алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү келишимине Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2018-жылдын 1-сентрябрындагы Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган. Бул макулдашуунун шарттары боюнча алгачкы 3 жылда Түркия тарабынан дайындалган жетекчилер, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган жетекчилер менен биргеликте иш алып барат. Белгиленген үч жылдык мѳѳнѳттѳ мамлекеттик ооруканаларды башкаруунун жаңы ыкмалары, тагыраак айтканда башкаруу, сатып алуу, каржылоо, бухгалтериялык эсеп-кысап, электрондук каттоо, медициналык документтердин электрондук негизин түзүү жана санариптик технологиянын бардык программаларын иш жүзүндѳ колдонуу Кыргыз дарыгерлерге үйрѳтүлѳт. Ошол эле мезгилде Кыргызстандык жаштрадын медицина тармагында Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашууга да жетишилген.

Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн үч жылдык мѳѳнѳттѳ оорукананы керектүү жабдыктар менен Түрк Ѳкмѳтү камсыз кылат. Үч  жылдык мѳѳнѳт бүткөн соң оорукана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине ѳткѳрүлүп берилет. Андан кийин дагы үч жыл бою Түркия тарап байкоочу катары кызмат кѳрсѳтѳт. Ооруканага кайрылган жарандарыбыз Кыргызстандагы башка ооруканалардай эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дарылана алышат.

Оорукана ишке кириши үчүн жогоруда айтылган макулдашуу эки ѳлкѳнүн парламенттери тарабынан каралууга жана бекитилүүгө тийиш. Бул маселе жалгыз эле кыргыз тарапка байланыштуу эмес. Түркия Республикасынын Парламенти оорукана үчүн пландалган гранттык жардамды жактырып, каржы булактарын белгилеп бергенден кийин гана макулдашуу ѳз күчүнѳ кирет жана укуктук негизде оорукана расмий түрдѳ ачылат. Азыркы учурда бул процесс уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости