www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажаан аялды кыйнаган жылан

Жашоодо эмне деген гана  сабак боло турган окуялар болот. Бирок, канчалык угуп-билип, ал турсун көрүп туруп дагы ошол сабак боло турган окуяга каршы иш кылып келебиз. Эмесе тилинин азабын тарткан ажаан аялдын жоругу жөнүндө азыноолак кеп учугун чыгаралы, балким тилине алы келбеген аял эле эмес эркектерге дагы сабак болуп калабы деген ойдо.

Айша күйөөсүнөн жаш калып, жалгыз баласы Медерди эптеп чоңойтот. Албетте эрден эрте калган аял тилине алы келбей, ар кимге теңелип жашаш үчүн аракет кылып, акыры күчү тилинен чыгып каларына турмуш өзү күбө.

Медер бойго жетип, бирок бир үйдүн жалгыз баласы болгон үчүн аскерге барбай, апасын карап колхоздо иш менен алек болот. Анткен менен эрте үйлөнүп, үй-бүлөөлүк милдеттин жүгүн эрте артынан.

Айша иштен четтеп, пенсия алып, үйдө олтуруп калганы менен кулакка жагымсыз сөзү менен келинин жей берет. Курган келин баш көтөрүп сүйлөбөйт жана кара жаак аталган кайын энесине теңелгиси да келбейт.

Арадан билинбей айлар агылып , жылдар жылып өтүп, Айша карылык айылына да баш багат. Бир күнү жашоо сапары карып, бул жалган жашоо менен да кош айтышканга мезгил келип жетет.

Медер апасын жерге берет. Арадан эки күн өткөндөн кийин куран окуганы келген молдого арманын айтат:

-Молдоке, апам кеминде он беш жылдай пенсиясын эч кимге бербей өзү алып сактады. Мен аны өлүмтүгүнө даярдап жүрөт деп ойлогом, бирок өлөрүндө да акчасын берген жок. Бирок аманатымды аткар “мен өлгөндө алдыма салынып олтурган жер төшөктү жайымда да алдыма салып жатайын” деп айтканын аткардык. Андан башка эч бир сөз айткан жок. Апамды коём деп катуу карызга да баттым, эми кантип карыздан кутулам?-деп суроо салганда бери жактагы беш-алты жашка чыгып калган баласы сөзгө кошулду:

-Ата, чоң апам пенсиясын алганда дайыма алдына салынып олтурган төшөктүн ичине салып тигип коючу. Аны мен бир жолу сырттан кирип келип көрүп калгам-деп айтканда сырдын түйүнү кайда жатканын билип, молдо менен Медер кеңешип, мүрзөнү ачып, сөөктүн алдындагы төшөктү алып, карыздан кутулуунун амалын кылышат. Мына, ач көз адамдын кылган кылыгы. Керек болсо жалгыз баласынан дагы акча аяп, мүрзөсүнө ала кеткенин уккан ар бир адам жерге түкүрүшөт.

Мүрө казылып, бир бала көргө кирип төшөктү алып чыкмай болот. Кирип кеткен бала бопбоз болуп, чыгууга аракет кылганда молдоке :

-Сабыр кыл, келме келтирип ушунча кирген соң төшөктү алып чык –дейт. Бала келме келтирип кайра нары жылып сөөктүн алдына салынган төшөктү алып чыгат. Кирпичти кайра кынаптап коюп, топуракты салып, бери чыгышканда молдоке сурайт, алиги баладан:

-Жана эмне көрдүң эле?-деп. Бала айтат:

Мен биринчи киргенимде жылан сөөктүн тилин соруп жатыптыр, анан коркуп кетип бери жылдым. Качан сиз келме келтир деп айтканда мен келме келтиргенде жылан нары жылды, анан эптеп төшөктү алганга үлгүрдүм. Бул айтылган сөздү укканда молдоке, Медерге карап:

-Медер, жаман көрбө. Апаң ушунчалык ажаан эле. Айылдан урушпаган ким калды эле. Ал турсун жаңы келин болуп келген келиндер менен дагы айтышканга жетишти. Акыры минтип өзүнүн жазасын алып. Тилинин уусун жылан соруп  жаткандагы көрүнүш-деп айтканда Медер башын ийкеп:

-Молдоке эмне кылсам болот?-деп сураганда молдоке:

Карызыңдан кутулсаң, мал союп куран окутуп, апаңдын күнөөсүн кечирилишин суран деп жооп берди.

Кыскасы, тилге сак болуу керек деген ойдо сабак болуш үчүн жазылды.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости