www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мухаммедкалый Абулгазиев илгерки чоңдордой кабагын чытып, премьер министрлик сүр көргөзүп, Осмонбетовго сөгүш берип, анын эки замын иштен алды. Бул эми жакшы жышаан. Айтылган кеп бар эмеспи “адамга сый жарашпайт” деген. Ансыңары 27 жылдан бери шаардык бал муздак жеп чоңойгон назик кызга жасаган аяр мамиледей билермандардын ою менен болуп, көңүлүнө карап сый мамиле жасап, жай сөз менен айткан иштин аягы эмне болуп жатат. Күргүчтөтүп жеп, талаа-түс,тоо-ташты калтырбай ал турсун токойдон бери сатып алып, манчыркаган чоңдордун жоругун айтканда көңүл чөгүп, айла жок жер караганга туура келет. Эгер жогору жактан катуурак айбат болгондо анда эл ишенген төбөлдөр мынчалыкка барышпайт болучу.
Бир жылга чукул премьерлик такта олтурган Мухаммедкалый Абулгазиевдин артынан да ар тараптуу кеп чыкпайт эле. Эгер ишке жаңы келгенден баштап сүр көргөзгөн болсо, анда алда-канча тартип болуп, аброю өсмөк чыгар.
Бирок, ар ким эле тартипти катуу сактаган, убаданы аткара билген, өкөт үчүн күйгөн чынчыл адам боло алышпайт эмеспи.
Эми сөгүш алган Осмонбетовдун бети кызарып, ишти алдыга жылдырабы же баягы көнгөн адаты бойдон калабы аны өз абийирине коюлу.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg