www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 100дөн ашык киши Ак үйдүн алдына нааразычылык пикетке чыгышты. Чыгарын го чыгышты, бирок ушул аракеттеринен майнап чыгабы маселе мына ушунда.

Алардын талабы 271 жана 295 контр деп аталган жерден 4 сотыхтан жер сатып алышкан. “Эми ал жерге там салбагыла, мыйзамсыз жер” деп там салганга уруксат бербей жатканын эшиттик. Айткандай акыркы кезде эмнегедир жердин чыры көп болуп, туура эмес сатылган жерлердин айынан көптөгөн нааразычылыктар чыгып жатканы да чын.

Андан дагы жер сатып байып, чоң кызматка жеткендер да жок эмес.

Айталы дегенибиз, эмнеге жер сатылып жатканда жана жаңыдан там салынып баштаганда эскертишпейт “бул жер мыйзамсыз сатылган” деп. Анан минтип элдер отурукташып калганда “жер мыйзамсыз” деп айткандын кимге канча кереги бар эле. 7-8 жыл жылдан бери трансформация кылынбай, көчөлөрү жок бул аймактан жер алгандар акыры Ак үйдүн алдына келип “үнүбүздү угуп койгула” деп чыгышкандары болгон үмүттөрү эми ак үйдөгү билермандарга такалгандан белги берет. Кыштын кыраан чилдесинде Ак үйгө үмүт менен жардам сурап  келген карапайым эдин үмүттөрү аткарылабы же көңүл сыртынан кетеби аны убакыттын таразасына коюлу.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости