www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдарыбызды катасыз жаз деп үйрөтүп, бирок ката китеп менен окууган заманда жашап жатабыз. Апа катары кызым менен уулум окууган китептерден ырахат алып, жакшы билим алса деп тилейсиң. Бирок, катасы оркоюп, жасалгасы начар, эптеп коррупциялык жол менен тааныш билиш болуп, атаандашсыз өтүп келген автордун, аз убак эки айда эптеп жазган китебин, Билим берүү Академиясынын эксперттик тобу “жактырып”, аны Билим берүү министрлдиги карап койбой, “сонун” –деп басмаканага берип алышып, ката китептерди чыгарууга типография күнөөлүү деп беттери кызарбай, Министр Гүлмира Кудайбердиева креслосуна жармашып олтурат.

2-класстар үчүн жазылган Гүлпери Адилованын “Мекен таануу” китебиндеги кетирилген каталар боюнча канча жолу массалык маалымат каражаттарына чыгып айтсам да, Билим Берүү Министрлиги менен министр Гүлмира Кудайбердиева, Билим Берүү Академиясы менен  автор Гүлпери каталарды  моюнга албай: министр "Каталарды карандаш менен оңдогоо убактым жок" десе, автор"журналист болсоң эле, беттен алба" - деген позицияны карманышты. Ошондон улам, булардын эч аракет жасабагандыгынан, КР Президентине кат жазсам, аны БИМге түшүргөн экен. Алардан жооп келди, бирок канаттанган жокмун.

1) Баардык суроого жооп жок,

2) "Мекен таануу" жарксыз деп табылды, бирок Дүйнөлүк Банктын Каражатына басылып, мамлекеттин казынасына канча чыгым кетирди, эсептегенэч ким жок.

3) Шалаакылыктан улам, мамлекет тарткан чыгымды ким жабат? Авторубу?, Билимберүү Академиясыбы?, Билим берүү министрлиги менен министрби?

Эксперттик топторго кимдер кирген?

4) Мамлекет деген сөздү шылдың кылып, "М" тамгасын түшүрүп, кыргыз тилин окууткандар жоопкерчиликке тартылабы?

5) Москвадан чыгып, РФ символикасы менен окутулган китептер качан алынат? Алынса, аны алмаштырууга башка окуу китеби барбы?

6) Г.Адилова жазган “Мекен таануу”жараксыз деп табылды, бирок ага сынак жарыяланмак тургай, аныктактоочу БИМдин Коллегиясы жыйын кылып, стандартын бекитип бере элек?

8) Кайрадан “Мекен таануу” боюнча 2-класстарга жаңы китеп жазылып, балдарга сентябрда даяр болобу?

Каражатты кайдан алышат? Суроолор көп, бирок жооптор жок.

Катты алган соң, Билим берүү министрлигиндеги “Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары башкармалыгында иштеген” адиси Курбанова Чинара айым жолугушууга чакырды эле барсам, “сиздерге окшоп арыздангандар иштетпей жатат” –деп наалыгандан башка сөз чыккан жок. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын колу коюлган катта суроолорум жоопсуз калганын айтса, эртеси ал менен жолугушуу уюштуруп берди. Рахмат. Бирок, жолугушуу башталганда эле, министрдин орун басары мен эмне маселе көтөрүп жатканымды түшүнө албай, кайрадан Чынара Курбановага тийиштүү каттарды алып келүүнү өтүнүп, айтор убакытты алышты. Катты колуна кармаган соң, ар бир абзацты  карап, тийиштүү жооп берилбегенин моюнга алып, дагы жакын арада жооп узатабыз деген бойдон олтурушат. Мейли катыңардын жообу жок эле түшүнүктүү. Анткени, бүтүндөй билим берүү системасы дал ушундай чиновниктер чиритип, иритип, ката китептердин жазылуусуна жол берип келүүдө. Ой өзгөрбөсө, иш оңолбойт демекчи, ушу күнгө чейин ката китеп окуутуп жаткан балдардын ата-энелеринен, айрыкча балдардан кечирим сурап, жоопкерчилик алуунун ордуна, министр айым президентти коштоп жүрсө эле, кызматынан кетпес хандай болуп жармашканы жармашкан.

Гүлмира Кудайбердиева Африканын Тунисине барып Кыргызстанда балдарга ысык тамак берүүдө алдыдабыз деген сөзүнүн ашмалтайы чыгып, дал ушул тамак берүүдө чоң коррупциялык схема иштеп, аны оңдоого  аракеттенбегенин белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаев айтып чыкты (www.24.kg маалымат агенттигин караңыздар).

Ушуга чейин Гулмира Кудайбердиева менен Билим берүү Академиясы системалуу кеткен каталарды оңдоо боюнча сунушун киргизмек тургай, коом көтөрүп, демилгелеген сунуштарды четке кагып, улутубузду билимсиздикке алып келүүдө.

Улуттук жок кылам десең, билимсиз кыл деген экен. Ал эми министр Кудайбердива бул багытта 100% аткарып, келечек муун, азыркы балдардын убалына калууда. 

Урматтуу замандаштарым, ата-энелер эгер Сиз балдарыңыздын билимине кайдыгер болбосоңуз, учурда балдарыбыз окуп жаткан ар бир предметтер боюнча китептерди кылдат текшерүү жасап, каталарды аныктоо менен катар,  кандай сунуштарды бере аласыздар.

Келгиле, “Кудай урган” Кудайбердиеваны карап, ал кууратып жаткан билим берүү системасынын коррупциялык көрүнүштөрүнө каршы туралы. Биз, президенттин Коррупцияга каршы күрөшүн колдойбуз. Ар бир мыйзам бузуу, тамак берүүдөгү санитардык нормалардын сакталбашы, мектептердеги мыйзамсыз акча жыйноолор, баардыгына баарыбыз каршы туралы.

Биз, балдарыбызды азыркы катаны оңдогусу келбеген министр Гүлмира Кудайбердиеванын үлгүсүндө эмес, сабатсыз кыргыздарга “Алиппе” жазып, билимге жол ачкан Касым Тыныстановдой инсан кылып тарбиялайлык. Ал колубуздан келет.

Ата-энелер биз көппүз, биздин максаттар бир эле- ал балдарыбыздын жаркын келечеги. Келечек, бүгүндөн башталат. Коркпоңуз, убактыңызды аябаңыз. Кайдыгер болбоңуз. Биздин балдар Эркин, өнүккөн Кыргыз жеринде жашайт. Ошондуктан, ата-энелер кул болбой, уктабай ойгонолу, эртеңкини ойлонолу, биз шайлоо мөөнөтү чектелген 5-6 жылда алмашчу бийлик эмеспиз, биз түбөлүктү күчпүз! Бир бололу! 

Гүлмира Үмөталиева эки баланын энеси, эртеңкиге кайдыгер карабаган журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости