www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 1994-жылы мамлекеттик баланстан чыгарылып, жеке менчикке өткөн, Бишкек шаарындагы №1 орто мектептин имаратынын бир бөлүгүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын аныктады.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы №1074 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2009-жылдан бери аталган мүлккө ээлик кылып келе жаткан жаран, 1994-жылы мектептин имаратынын бир бөлүгү мурдагы менчик ээлери тарабынан ажыратылып алынганы мыйзамсыз экенин түшүнүп, аталган мекемеге болгон укукту жер участогу менен бирге ыктыярдуу жана акысыз түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди.
2009-жылдан азыркы учурга чейин имараттын аталган бөлүгү жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары билим берүү максатында пайдаланылып келгендигин жана мындай мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин эске алуу менен, аталган объектти мындан ары да билим берүү ишмердүүлүгү үчүн пайдалануу максатында объекттин мурдагы ээси менен ижара келишими түзүлөт.
УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объектилерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча жигердүү иштерди улантууда.