www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү жаатында жеке ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилди. Тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунбаев кол койду.

Министрдин айтымында, бул чаралар балдар бакчалары менен мектептердеги жетишсиз орундар боюнча маселелерин чечүүгө, билим берүү тармагындагы жеке секторду өнүктүрүүгө жана балдарыбыз үчүн жеке бакча, мектептерге жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган.

«Биз башка өлкөлөрдүн бул жааттагы тажрыйбасын карап чыктык.

Санитардык нормалар боюнча маселелерди изилдеп, мындай нормаларды колдонууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрдүк», — деп жазды ал.

Орунтаев белгилегендей, чечим кабыл алынгандан кийин төмөнкүдөй суроолор жаралышы мүмкүн:

Мектептер жана бакчалар өзүнчө имаратта болушу керек эле го, бул коопсузбу?;

Балдар кайда ойнойт, балдар аянтчалары болбой калабы?

Эмне үчүн мамлекеттик органдар мектептерди жана бакчаларды курушпайт?» деген.

Бул суроолорго дароо жооп берем:

Коопсуздук маселеси боюнча айта кетсем, көптөгөн жарандарыбыз көп кабаттуу үйлөрдө жашайт жана балдарыбыз да ошол жерде жашашат. Бүгүнкү күндө курулуш нормалары абдан катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт.

Бардык көп кабаттуу үйлөрдө жана турак жай комплексдеринде балдар аянтчалары бар жана алар күндүз көп учурда бош турат. Демек, бул аянтчалар максаты боюнча колдонулушу керек.

Мамлекеттик органдар өлкөнүн бардык аймактарында зарылчылыкка жараша мектептер менен бакчаларды куруп келет жана мындан ары да кура берет. Ар бир жаран акысыз билим алууга укуктуу. Бул долбоор жеке мектептер менен бакчаларга гана тиешелүү. Бул — акы төлөп, жеке билим берүү мекемелеринин кызматын колдонууну каалаган жарандарыбыз үчүн.

Последние новости