www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 3 айына карата статистикалык маалымат боюнча 2 миңден 3 миңге чейин жер титирөө катталган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун окумуштуу катчысы Жибек Калыкова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жылына өлкөдө 9 миң 500дөн 12 миңге чейин жер титирөө катталып турат.
“Бул жылына кайталанып туруучу көрүнүш. Негизги катуу силкинүү болсо мисалы, 7 же 8 баллдык жер титирөө болгондон кийин артынан ошол жерде энергия тарап, кайталанып, автершок жер титирөөлөр болот. Бирок, баштапкы 8 баллдан ашпайт. Афтершок негизги жер титирөөдөн кийин пайда болгон бир катар алсыз жер титирөөлөр болуп, ошонун бардыгы сейсмологиялык станциялар тарабынан аныкталат. Негизги силкинүүдөн кийин энергия азайып отуруп, ошол жерде жер титирөө токтойт. Жер титирөө чек аралык аймак менен чектелбегендиктен, коңшу өлкөлөрдүн сейсмикалык станциялары менен маалымат алмашуу, иштешүү бизде дайыма болуп турат”, — деди Жибек Калыкова.