www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын айрым райондорунда 28-марттан 1-апрелге чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди. Бул күндөрү компаниянын кызматкерлери Мурманск жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1973-жылы ишке берилген газ өткөргүчтөн сызылып чыккан газды токтотот.
Бул маселе былтыр ноябрда эле аныкталып, бирок күзгү-кышкы жылытуу мезгилин эске алуу менен тиешелүү жумуштар анда убактылуу гана жасалган. Аба ырайынын жылышы менен иштер уланганы турат.
"Буга байланыштуу Алыкулов, Киров, Абакан, Фрунзе көчөлөрүндө жана Баетов көчөсү, 1 дарегиндеги "Продимпекс" ЖЧКсында газ жок болот", — деп жазылган маалыматта. "Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Булак: NazarNews.kg