www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы жашы жете элек жаран жол кырсыгына кабылып, 4 адамды сүзүп, бир бала каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 18-октябрда саат 21:30дар чамасында Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 17 жаштагы бала башкарып келе жаткан Toyota Camry унаасы менен Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен Camry тротуарга чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Натыйжада 13 жаштагы бала окуя болгон жерде көз жумган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Toyota Camry унаасын башкарган 17 жаштагы өспүрүм убактылуу кармоочу жайга камалды. Унаалар айып короосуна киргизилип, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Милициядан белгилешкендей, жол кырсыгы айдоочулук күбөлүгү жок туруп, унаа башкарган өспүрүмдүн айынан келип чыккан.
Мындан улам милиция ата-энелерге кайрылып, балдарын көзөмөлдөөнү жана жашы жете электерге транспорт каражаттарын башкарууну өткөрүп бербөө керектигин белгиледи.