www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин жогору жагындагы Ала-Арча-3 VIP шаарчасындагы жер тилкелерин сатууда мурдагы мэр Нариман Түлеевдин аты аталууда. “ПолитКлиника” медиасынын жазганына караганда, 2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын №327 токтому менен Ала-Арча дарыясынын жээгинен Э.Жапаров жана К.Дүйшөнов аттуу жарандарга турак жайы жок деген негизде жер тилкелери бөлүнүп берилген. Журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар экс-мэрдин жакын адамдары экени, кийин ошол аймактагы алты жер тилкеси Түлеевдин жакын адамдарынын колуна өтүп кеткени аныкталган.

Иликтөөдө Түлеевдин жакыны деген адам аталган аймактан жерди акысыз алганын ырастап, бирок экс-мэрди тааныбай турганын айткан.

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы “ПолитКлиниканын” сурамына расмий жооп берип, калаа жетекчилиги жер тилкелерин кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мыйзамды бузуу менен бөлүп бергенин белгилеген. Бул маалыматтар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берененин негизинде (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) катталды.

Башкы прокуратурадан маалымат алуу азырынча мүмкүн болгон жок. Ал эми Нариман Түлеевдин өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек.

Нариман Түлеев "Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген" деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости