www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

”Адилет” жаштар кыймылынын лидери, Турсунбек Бейшенбеков: “Саткындар төрдө, сатпагандар түрмөдө!”, деп Факты.kg гезитине маек курган.

- Батукаев маселеси кайрадан жанданып, аны чыгарууга тиешеси бар аткаминенерлер сурак берүүдө. Буга кандай карайсыз?

-Албетте, кандай маселе болбосун баары мыйзам чегинде орун алышы абзел. Учурда Батукаевдин иши кайра жанданып, аны чыгарууга тиешеси бар аткаминерлер жоопкерчиликке тартылуу алдында турат. Бирок мени таң калтырганы кылмышкердин айынан, бир топ кыргыздын азаматтары камалып жатат. Мындай кадамга баруунун зарылчылыгы бар беле?  Менимче Батукаевдин ишин кайра кароодон мурда бийлик Батукаевди экстрадициялоону талап кылып, анан биздеги аны чыгарууга себепкер аткаминерлерди жоопко тартууга барса туура болот беле деген ойдомун. Себеби, Батукаев сырттан карап, биздеги боткону көрүп мыйыгынан күлүп жаткандыр. Аны чыгарууга тиешеси барлар менен кошо, башкы кылмышкер дагы кайрадан камалышы керек. Туура, мыйзамсыз кадамга барган ар-бир аткаминер  жоопко тартылганы го жакшы, бирок баарына бирдей мамиле каралышы шарт. Алсак, Батукаев ишинин негизинде камакка алынган аткаминерлер үй-камагына бошотулду, а эмнеге Аида Салянованы үй камагына чыгарууга соттор даай албай жатат. Саляновага негизсиз куугунтук мурдагы бийликтин тушунда да болуп, кичинекей кызына карап, наристенин көз жашын төкпөйлү деген таризде камакка алган эмес. Ал эми учурда наристенин көз жашын агызып, Салянованы камакка алган сотторго жол болсун. Наристенин көз жашы жөн койбойт, эртеби-кечпи акыйкаттык орноп, мыйзамсыз ишке барган соттор өз жазасын алат. Жашоо “бумеранг” экенин унутпашыбыз керек. 

-Аида Салянова тергөө менен кызматташпаганы үчүн абакта олтурат да...

- Кеп тергөө менен кызматташканда эмес, кеп сатпаганында болуп жатпайбы. Мисалы, бул иш боюнча кармалып, үй-камагына чыккандардын баары карабашын ойлогон саткындар. Мындайча айтканда саткындар төрдө, сатпагандар түрмөдө олтурат. Алсак, Салянова Атамбаевден эң чоң запкы жеген саясатчылардын бири. Андыктан Салянова Атамбаевди коргой турган адам эмес, ал болгону ал учурда өзүнүн кызматтык милдетин так аткаргандыгын айтып, өзүнө жооп берип жатат. Башкаларчылап кара жанын ойлоп саткынчы болбой, чынчылдыгын айгинелеп мыйзамдуу талаада күрөшүү жолун тандады. Бул кадамы менен Аида Салянова чыныгы Жаңыл мырзанын образын ачып, принципиалдуу түрдө чындык үчүн күрөшүп, накта Генералдык сапатын көрсөтүп жатат. Ооба, Батукаев маселеси экс-ажо Атамбаевге урулган сокку экенин тана албайбыз. Бул иштин башында Атамбаев турганы деле жашыруун эмес. Бир ажыдаарга жетүү үчүн, бир нече адамды камакка алуунун кереги барбы? Учурдагы бийлик мыйзамды жогору койгон, канчалык кыйын күндү кечирисе дагы сынбаган, принцибинен тайбаган, эң башкысы саткынчылыкка жол бербеген Салянованы кордогондон көрө өздөрүнө тартса бийликке аброй алып келмек. Ансыз да коомчулукта Салянованын мыйзамсыз камакта олтурушуна нааразылар күн санап арбып баратат. Жок дегенде Аида Салянованы үй-камагына чыгаруу учурдун талабы. Анүстүнө азыр ак үйдүн ичин саткындар басып кетпедиби? Атамбаевди журт атасына теңеп жүргөндөр бүгүн аны сатып, Жээнбековдун этегине эрмешип алышты. Алар эртең Жээнбековду сатпайт деп ким кепилдик берет, “бир саткан адам, миң сатат” дейт элибизде. Андыктан ажобуз тегерегин “кой терисин жамынган карышкырлардан тазалап” бир силкинип алышы керек. Антпесе, саткындар менен өлкөнүн келечеги бүдөмүк бойдон кала берет. 

-Бир топ мурдагы бийликтин тушунда камалган саясатчылар бошоп чыгып, коррупцияга шектелген аткаминерлердин жоон тобу камакка алынды. Коррупция менен күрөш кандай нукта жүрүп жатат?

Биринчиден, саясий туткундардын бошотулушу бул жакшы кадам. Мыйзамсыз камалгандардын баары тегиз бошотулушу керек. Бирок, коррупция менен күрөштө дагы, саясий туткундарды бошотууда дагы тандалма саясат жүрүп жаткан сыяктуу. Мен жогоруда белгилеп кеткендей президент Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде бир ууч бузукулар бар. Ошолор ажобузга туура эмес маалыматтарды жеткизип, президенттин туура саясатын будамайлап коюшпаса эле болгону. Мисалы, аудио, видео далил менен камалып, бийликти басып алууга жана экстремизмге шектелген саясатчылар бошотулду дагы, күнөөсү далилденбеген, ак жеринен камалган Өмүрбек Текебаев,  Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдор дале абакта олтурат. Кээ бир маалыматтарга таянсак, ак үйдөгү интригандар атайы саясий салмагы жокторун чыгарып, элге айкөл болуп көрүнүүнү болжошуптур. Себеби, мынакей адилеттүүлүк орнотуп жатабыз деген таризде. Ал эми саясий салмагы жогору болгон Текебаев, Чотонов, жана Жапаровду парламенттик шайлоодон чочулап чыгарбай жаткандары бештен белгилүү.

Тескерисинче, ак жеринен камалган Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду, Садыр Жапаровду жана Аида Салянованы абактан бошотуп, жөн гана бошотпой актап чыгара турган болсо, анда президентибиз Сооронбай Жээнбеков айкөлдүктүн символу катары тарыхта калат. Андыктан урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович тегерегиндеги бузукулардын оюна кирбей, мыйзам алдында чечкиндүү кадамдарга барса, кыргыз элинин анык лидери болуп чыга келет эле. Ал эми коррупция менен күрөшкө келе турган болсок, албетте чуулгандуу коррупциялык иштердин бети ачылып, бир топ аткаминерлер абактын төрүнөн орун алды. Бул абдан жакшы жышаан. Өлкө тарыхында биринчи жолу премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү камакка алынды. Бирок коррупция менен күрөш өч алуу багытында жүрүп жатат дегендер да жок эмес.

Андыктан президент Сооронбай Жээнбеков өзү айткан тизмедеги 35 коррупционерди тез арада камакка алуу операциясын башташы керек. Ошондо гана анык коррупция менен күрөш жүрүп баштаганына эл ынанат. Президент өзү дагы эл менен жолугушканда “коррупция менен күрөштүн башында туруп берем, коррупция менен күрөштө мага жардам бергиле, алардын аттарын ачыкка чыгаралы” - деп билдирген.

Коррупция менен күрөштө коомчулуктун пикирин угуу бул жакшы кадам. Учурда коомчулуктун бүйүрүн кызыткан эң башкы маселе бул Бажыдагы коррупция жана бажыдан мыйзамсыз  чыгарылган миллиондордун ээлери.

Мына ушул жаатта ажобуз өзүнүн айбатын көрсөтүп, Бажыдагы коррупционерлерди, коррупциялык схеманы түп орду менен жок кылыш керек. Коррупция менен күрөш камакка алуу менен чектелбестен, алардын жеген миллиондорун кустуруп, өлкөнүн тышкы карызын кутулууга, экономиканы көтөрүүгө жумшалышы керек. Ошондо гана уурулар сестенип, жоголот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости