www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мурдагы вице-мэри кармалды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Милицияга жаран кайрылып, Лебединовка айылындагы соода-логистикалык борбордун аймагында жол иштерин жүргүзөм деген шылтоо менен 90 миллион сомдон ашык мүлкүн ээлеп алган жетекчиге чара көрүүнү суранган.

2024-жылдын июнь айында бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жаран жабырлануучудан алган кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары жана мүлктүк активдери сатылып, жеке максаттары үчүн пайдаланылган. Ишти создуктурууга жана токтотууга бир нече жолу аракет кылынганына карабастан, тергөө 2025-жылдын 15-майында улантылган. Шектүү катары 1976-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. 

Жергиликтүү ЖМКлар кармалган адам Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров экенин жазышты. 

Последние новости