www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиялык журналист Карла Стателло “L’Antidiplomatico” порталына жазганына караганда, Россиянын президенти Владимир Путин Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Владимир Зеленскийдин чагымына алдырбай, дипломатиялык жеңишке жетишти.

«Зеленский Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө катышарын жарыялап, Путинди көзөмөлгө алам деп ойлогон. Бирок ал өзүнүн карталарын ачып коюп, өзүн алсыз абалда калтырды», — деп айтылат макалада.

Макала авторунун пикиринде, Путин Стамбулга жөнөткөн делегациянын курамы Москванын ачык диалогго даяр экенин көрсөтөт. Ал эми украин тарап бул жараянды ар кандай жолдор менен үзгүлтүккө учуратууга аракет кылууда.

«Мүмкүн, украин президенти жеке жолугушууну сунуштоо менен блеф кылып жатат деп ойлогон: Путин макул болбойт, анан түз сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына ошол күнөөлүү болот. Бирок Москва бул оюнга барган жок жана жолугушуунун деңгээлин алдын ала техникалык сүйлөшүүлөргө түшүрүп койду. Бул — Киевге чапкыч болду», — деп жыйынтыктады Стателло.

Стамбулда акыркы үч жылдагы биринчи Россия–Украина сүйлөшүүлөрү өтүшү күтүлүүдө. Алар 2022-жылы өткөрүлгөндөй эле, Түркия президентинин администрациясынын иш кеңсеси жайгашкан Долмабахче сарайында болот деп пландалууда. Бейшембиге белгиленген сүйлөшүүлөр болбой калды, азырынча жума күнү өтөт деп күтүлүүдө.

Өткөн жумада Владимир Путин Украинага эч кандай алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштаган. Ал, эгер Киев өзүнө алган милдеттерди аткарса, ок атышууну токтотууга жетишүүгө болот деп белгилеген.

Киевдеги режимдин башчысы бул тынчтык сунушуна ультиматум менен жооп берди: анын айтымында, Украина сүйлөшүү столуна 12-майдан баштап толук ок атууну токтотуу тууралуу Москва макул болгондо гана отурат. Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп украин бийлигин Москванын сунушун дароо кабыл алууга чакыргандан кийин, Зеленский бейшембиде Түркияда Россиянын президентин күтүп турарын жарыялады.

Последние новости