www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К.А. тарабынан жасалма диплом колдонулуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.
Тактап айтканда, М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Ички иштер министрлигинин генерал-майор А.Алиев атындагы Академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген, бирок ал 5-курста (2003-жылы) окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.К.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.