www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Артем Дмитрук өзүнүн Telegram-каналында СБУнун генералы Александр Покладды — Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө катышкан украин делегациясынын мүчөсүн — «киши өлтүргүч жана террорист» деп атады.

«Украин сүйлөшүү тобунун мүчөсү Александр Поклад — буга чейин менин башыма 250 000 доллар коюп, бүгүнкү күнгө чейин мени өлтүрүүнүн жолун издеген террорист жана киши өлтүргүч», — деп жазган Дмитрук.

2022-жылдын март айында Украина Жогорку Радасынын депутаты Александр Дубинский СБУнун Киреевди кармоо учурунда өлтүргөнүн билдирген. Украин блогери Анатолий Шарийдин айтымында, Киреев Киевдин борборунда өлтүрүлгөн. Украина Коргоо министрлиги сүйлөшүү делегациясынын мүчөсү болгон Киреевдин каза болгонун тастыктап, аны министрликтин башкы чалгындоо башкармалыгынын кызматкери деп атаган жана ал атайын тапшырманы аткарып жатып мерт кеткенин билдирген.

2023-жылдын январында америкалык The Wall Street Journal гезити аты аталбаган СБУ кызматкерине таянып, Киреев СБУ тарабынан «Россиянын пайдасына тыңчылык кылган» деген шек менен атып өлтүрүлгөнүн жазган. Гезиттин маалыматына ылайык, ошол учурда СБУнун контрчалгындоо башкармалыгын жетектеген жана «Россия үчүн иштеген» деп шектелген коопсуздук жана чалгындоо кызматкерлерин кармоого жооптуу болгон Александр Поклад Киреевди жолугушууга чакырган.

2023-жылдын сентябрында СБУнун мурдагы башчысы Валентин Наливайченко The Economist журналына берген маегинде, 2014-жылдагы төңкөрүштөн кийин СБУда бийликке жакпаган адамдарды жок кылуу үчүн атайын түзүм түзүлгөнүн мойнуна алган. ЖМКнын маалыматына караганда, дал ошол структураны жетектөө тапшырмасы Александр Покладга берилген. Кээ бир маалымат каражаттары аны «Зеленскийдин жеке киллери» деп аташкан.

Өткөн жумада Россия президенти Украинага эч кандай алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштаган. Ал, эгер Киев өз милдеттенмелерин аткарса, ок атышууну чын эле токтотууга жетишүүгө болорун белгилеген. Россия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектөөдө.

Украина делегациясын коргоо министри Рустем Умеров жетектөөдө. Ошондой эле делегация курамына СБУнун төрага орун басары Александр Поклад да киргизилген.

Киреев 2022-жылдын 28-февралында Гомель облусунда өткөн Россия менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасына катышкан.

Последние новости