www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Facebook социалдык тармагында кулаган учкучтун жүргүнчүсүнүн эмоцианалдуу посту пайда болду. Анын аңгемесиндеги Bek Air компаниясына берилген ойлондурчу суроолоруна дагы деле жооп келе элек.
Жүргүнчү аңгемесин төмөндөгүчө баштайт: “Менин аты-жөнүм Сауле Нурманова. Мен жашоо үчүн тирүү калдым. Силер жазган, сүрөттөрүн салып жаткан, айыгып кеткиле деп каалоо айтып, аза күткөндөргө көңүл айтып жаткан, 27-декабрда кулаган ошол Bek Air каттамы менен учуп, жаракат алгандардын арасында мен да бармын.
Мен сессиядан Нур-Султандагы үйүмө чыдамсыздык менен баргым келип шашканмын. Мени менен чогуу менин жолдошум Асхат да бар эле. Анын бар экендиги менин жаңы-жылдык кереметим болду.
Учакка киргенде мен учактын сууктугунан ушунчалык үшүп, жолдошумдан шарфын сурадым. Отургуч да муздак эле. Кирчү эшик узак убакыт жабылбады. Экзаменге даярданып, бир канча күн уктабагындыктан, уктап кеткен экенмин, адамдардын кыйкырган үндөрүнөн, айланадагы ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Мен учкучтун ар тарапка урулуп, тездик менен жерге кулап баратканыбызды сездим. Жолдошумду карасам анын көзүндө да коркунуч бар эле. Ал кыйкырып менин тизе жагыма эңкейишимди айтты, мен эңкейгенден кийин ал менин үстүмдү тосуп калды. Андан соң катуу соккудан улам өзүмдү жоготуп коюптурмун.
Ойгонгонумда менин денем кандайдыр бир буюмдар менен кысылып, тегерегим таштандыларга толуп, учактын тетиктеринин тоскоолдугунан чыга албай калдык. Асхат менден мурда ойгонуп, мени чыгарууга аракет кылып, мен буту жана колумду сезип жатамбы, жокпу ошону сурады. Менин денем пахта менен толтурулган кап сыяктуу болуп, бутумдагы жан чыдатпаган ооруну сездим. Кийин билсем, бул оору көптөгөн сыныктардан улам экен.
Өзүбүз учактын сынган жерлеринен таштандыларды жылдырып чыктык. Шып түшүп кетет же учак дагы жарылып кетет деп ойлонгондуктан бизге ар бир мүнөт баалуу болчу. Биз абдан корктук, бирок тирүү калдык. Жолдошум менин оор операцияга алып киргиче жанымда тикесинен тик туруп, эртеси жатып калды. Ал кайсы жактан күч алганына азыр да таң калам. Дагы менин таң калганым менин бутумду сактап кала албагандыгы үчүн кечирим сурагандыгы.
Азыр жаңылыктардан “эч ким күнөлүү эмес”, “бул кырсык”, “эгер үй болбогондо учак аман калмак”, “куюн себептүү” деген билдирүүлөрдү көрүп жатам”,- деп айтып, келин өзүнө жардам берген дарыгерлерге, туугандарына, досторуна өз ыраазычылыгын билдирип, сөзүн улаган:
“Коркунуч өтүп кетти, Биз тирүү калдык, бирок эми эмне болот? Социалдык тармактагы посттордо “коркунучтуу түш” бүткөнү менен биз үчүн ал бүтө элек. Мындан ары менин, жолдошум жана тирүү калгандардын жашоосу эмне болот? Каза болгондордун жакындары эмне болот? Үй-бүлө багуучуларынан, жүргүнчүлөрдүн борттогу мүлкүнөн ажырагандар эмне болот?
Эгер ооматым болсо мен дагы алты ай бою жумушсуз ооруканада жатышым, дарыланышым, дагы операция болушум мүмкүн.
Мени менен бирге болуш үчүн башкалар түшүнгүсү да келбеген жакындарым бүт Казакстандан келип, батир жалдап, ар түрдүү чыгымдарга учурашууда. Биздин көйгөйүбүз да, чыгымдарыбыз да бир топ.
Биздин жабыркаганыбызды далилдөө үчүн бизден бир нече документтерди талап кылышууда...
Мен чындык кай жакта экендигин билбей калдым. Менин билгеним бирөө гана: учак кырсыкка учурабашы, дубалдарга кагышпашы керек болчу. Учак учушу керек эле. Биз жакындарыбыз менен эски жылды узатып, Жаңы-жылды дени соо тосушубуз зарыл болчу.
Менин, жолдошумдун, каза болгондордун дагы пландары бар эле. Биздин кандайдыр бир реакция болушу үчүн ишеничибиз жок. Бизге жардам бере турган, системалык түзүлүштү өзгөртө турган реакция жок. Эмне үчүн биз бизге жардам бериши керек болгон адамдарды издешибиз керек? Алар биздин жаныбызда болуштун ордуна толгон документтерди эмне үчүн талап кылышат?
Бардык текшерүү бүткөндөн кийин, катуу билдирүүлөрдөн, экспертизалардан кийин учактар кулабашына ишенем. Бизге окшогон жабыркагандарга мамлекет тараптан керектүү көңүл буруларына ишенем.
Медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, бирок жүрөктөгү оорубуз түбөлүк калат.
Күнөөлүүлөр жок болсо, кимден сурайбыз? Ар бир жабырлануучуну түшүнүп, жардам беришиңиздерди сураймын.
Сүрөттүн сол сызыктагы көрсөтүлгөн жер биздин орундуктарыбыз, оң жактагы сызык биздин чыккан жерибиз.
Булак: NazarNews.kg