www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Бөдөш Аманбаевна, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге ВИДЕО Кайрылуу жасады. Матраимовдун Кайрылуусуна пикириңиз кандай?
--Оргу баргы бакылдай берсе, “сабырдын деле түбү чыдоонун дагы чеги болот” демекчи, сый-урматтын деле баасы кетет экен. Раимбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу жасады. Эң туура болду. Р.Матраимов өз кайрылуусунда ыйык Орозо айында атайын Кайрылуу жасап жатканын бул Кайрылууга көптөн бери ыңгайы келсе, келбесе деле Атамбаев жана анын командасы тарабынан ыксыз асылуу карасанатайлык менен жалаа жабуу чыны менен ашыкча болуп кетти. Айрыкча «Исмаил ата» фонду тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаранын эмнегедир ушул жолку майрамдык иш-чаранын айланасында Матраимовдордун дарегине айтылган ыксыз каралоо Кайрылууга түрткү болду десем жаңылышпаймын.
--Демек, Кайрылуу туура болду...
--Райымбек Матраимов, Атамбаевге чыдоонун дагы чеги болоорун, мындан ары дагы уланта бере турган болсоң, ачык күрөшкө чыгууга “маалыматым” жана акыл-эсим дараметим жетет”, деп “точка” койду. Матраимовдун бул кайтпас кадамына Атамбаев өзү түрткү кылды.
--Матраимов, Атамбаевге “маалыматтар” жетиштүү деп, жылаандын башын кылтыйтып, кебез менен сойгон жокпу?
--Раим Матраимов, өзү эскертип айткандай алты жыл анын командасында болду. Албетте Атамбаев тууралуу абдан көп маалыматтар бар болсо керек. Ошол жааттан алып караганда мындан ары Атамбаевге карата айосуз күрөш баштайт го. Демек, Раим Матраимов маалымат күрөшүн дагы саясий коомдук пикир жаратуу күрөшүн да жүргүзгөнгө чама-чаркы жетет деп ойлойм. Албетте мындан ары да Атамбаев, Матраимовдун ар-намысына, инсандык дараметине, бир туугандарына, өзгөчө маркум атасынын арбагына шек келтирсе ага татыктуу жообун берүүгө мезгил келди.
--Раим Матраимов, дагы эле сабырдуулук кыла берсе кандай болот эле...
--Менимче Райым, жигитчилик кылып жакшы эле сабырдуулукту карманды...Болбосо Атамбаев, Матраимовго асылып, эмне деген каралаган сөздөрдү айтып, жеке инсандык абройуна чейин колун салды. Ал тургай он граммдык рюмкасын таппай калса дагы Раим Матраимов күнөөлүү дей турган абалга жетип калган болчу. Баарына сабыр кармап кечиримдү болгонго кудретиң жетип турса дагы, ата-энесинин адресине айтылган арабөк сөздөргө кайдыгер кароого, сабырдуулук кылууга такыр мүмкүн эмес экенин Матраимовдор бөркүндөй туйду. Атамбаев алардын бир эмес бир нече жолу жүрөгүн оорутту. Ошентсе дагы Матраимов карманып, адамгерчиликтин чегинде, эскертүү менен Атамбаевге кайрылды, ошол эле убакта дүңк эткизе “базганды” басып алды. Эгерде Атамбаевдин акылы эсинде болсо селт эттирди го...
Булак: NazarNews.kg