www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгарияда парламенттик шайлоо өтүүдө

Болгарияда 4-апрелде парламенттик шайлоо өтүүдө. Өлкөдө добуш берүү тилкелери иштей баштады. Бул шайлоо премьер-министр Бойко Борисовдун өкмөтүнө каршы бир жылга жакын созулган жапырт нааразылык чараларынан кийин өтүүдө.

Премьер Борисовдун “Жарандар – Болгариянын Европалык Өнүгүүсү Үчүн” (“Граждани за европейско развитие на България”; кыска аталышы ГЕРБ) партиясы эми он жылдык башкаруучу партия катары макамын сактап калуу үчүн далаалат кылууда.

Алдын-ала сурамжылоолор ГЕРБ партиясы болжол менен 23 пайыз добушка ээ болушу ыктымалдан алыс эмес деп көрсөтүүдө.

Бул натыйжа шайлоодо тастыкталса, анда ГЕРБ партиясы үчүн 2017-жылдагы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына салыштырмалуу 10 упайга төмөн жана бул бийликтеги партиянын 2009-жылдагы атаандаштыктан берки биринчи жолку эң начар көрсөткүчү болуп калышы ажеп эмес.

Ошондой эле, мындай жыйынтык ГЕРБ партиясын Борисов мырза премьер-министр кызматын улантуусу үчүн зарыл болгон көпчүлүккө жетишүү мүдөөсүндө башка да парламентке кирген партиялар менен коалиция түзүүгө мажбур кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости