www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала кезимде апам базардан сатып берген чий куурчагым бар эле. Ошол чий куурчакты эмнегедир алгым келбей жатып алгам. Себеби, андан да чоң куурчактарды алгым келген...
Башка түшсө байтал жорго болуп, жалгыз чий куурчагым менен ойночумун. Күүгүм талаш...
Апам ошол мезгилде сыртта уйларды саап жүргөн. Баягы куурчагым китеп текчеде турган эле. Бир саамда анын жиптен тигилген көздөрү күйүп кетсе болобу. Бирок, жүрөгүм түшкөн жок. "Көздөрү күйгөн куурчагым бар" деп аны караңгыга алып келип, башкаларга көргөзсөм көзү күйбөй, канча ирет күлкүгө калдым.
Апам да "Кызым, койчу... Бул жен гана куурчак да" деп коёт. Мен анын көзүн күйүшүн эч ким жокто күтүп жүрдүм. Бир айга жетип-жетпей баягы куурчактын оң көзү бир күнү күйүп өчтү. Аны колума ала койсом, артынан кара элес чыгып кеткендей көрүнүп кетип, коркконумдан чаңырып жибердим. Куурчагымдын чачы күбүлүп түшүп калды. Апам тоокторго жем берип жаткан жеринен чуркап кирип келди. Кийин апам атамдарга "Куурчагынын чачын өзү жулуп салып, андан коркуп ыйлады" деп каткырып койду. Мага азыркыга чейин эч ким ишенбейт. Бирок, бул чындык. А мен ал куурчакты ыргытып жиберген болчумун...
Булак: Шамбала